Home » Без рубрики » О.Рыскелдиев омбудсмендикке катталган

О.Рыскелдиев омбудсмендикке катталган


Логотип газеты Алиби«Мыйзамдагы ууру А. Батукаевдин ызы-чуусуна байланыштуу Акыйкатчы Т. Акун кызмат ордунан мөөнөтүнөн мурда бошогон соң, Жогорку Кеңеш июль айынын башында ал орунга талапкерлерге сунуштоолорду кабыл алуу жол-жобосу жөнүндө кулактандыруу жарыялап жиберген болчу. Көп өтпөй талапкерлерден арыздар түшө баштайт. Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы 22-июлда КРнын Акыйкатчысы кызматына 6 талапкер өз арыздарын беришкендигин айтып, мындай маалымат таратат: «2013-жылдын 19-июлуна карата төмөндөгү талапкерлерден арыз келип түштү: Н. Мотуев, Р. Касымалиев, Р. Карасартова, А. Сасыкбаева, Ч. Койчуманова, Д. Нажмидинов. Эске салсак, Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы кызматына Жогорку Кеңештин фракциялары тарабынан талапкерлерден документтерди кабыл алуу 2013-жылдын 15-августунда аяктайт». Бул жерде карабасып чын эле Өмүрбек Рыскелдиевдин аты аталбай калыптыр. Өмүрбек мырза биз менен баарлашып жатып, Жогорку Кеңештин айрым аппарат кызматкерлерине мындай жоокепкерчиликтүү жөрөлгөгө сын көз менен кароосун каалады.

- Сиз Акыйкатчыга талапкер катары ЖКга арыз бергениңиз чынбы?

- Чын. 4 июлда «Ата Журтка» №12-9126/13, «Ар намыска» №12-9125/13, «КСДПга №12-9124/13, «Республикага №12-9123/13 номерлери менен катталган болчумун. «Ата Мекенге» да спикер аркылуу жиберилген. Кыскасы бардык 5 фракцияда тең 4 июлда катталган.

- Анан «Мени эмне үчүн өзүңөр тараткан маалыматка кошпой койдуңар» деп айттыңызбы?

- Айттым. «Пресс-кызмат бизге ушундай ката беришиптир» дешти. «Анда оңдоп кайра маалымат бергиле» десем, «сиз үчүн кайра- кайра маалымат бере албайбыз» деп жатышат. Бул жерде менин маалымат таратууга болгон укугум тебеленбестен, коомчулукта мен женүндө туура пикир болбой жатпайбы? Азыр Акыйкатчы болом деп жаткан депутат А.Сасыкбаева баш болуп, АКШга чейин кайра кайра- барганга акча бар да, анан мени кошуп маалымат таратканга акча жок болуп калыптырбы?!

- Мүмкүн кайдайдыр бир себептен улам каттоодон өтпөй калгандырсыз?

- Андай болушу мүмкүн эмес. Менин документимди кабыл алганын КР ЖК депутаттары Д.Бекешов, А. Кутушев дагы тастыктады. Менде кесипке байланышкан эки жогорку билимим бар: 1981-жылы Москва тоо-кен институтун бүтүрүп инженер кесибине ээ болуп эл чарбасында эмгектендим. Мамлекеттик көзөмөлдө 7 жыл байсалдуу иштедим. Кийин КМУдан юрист кесибин алып чыктым да, 14 жыл укук жаатында иштеп, элдин укугун коргоо аракетинде жүрөм. Азыр 53 жаштамын. Демек, мен Акыйкатчынын вазыйпасын жакшы билем. Адам укугу эле эмес, кыргыз тилин анчейин билбегендер деле «Акыйкатчы болмокчумун» деп жулунуп жатышпайбы.

- Деги бизге Акыйкатчы институту керекпи?

- Кылым карыткан кыргызда мындай жөрөлгөнү аткарган «Бакай кеңеши» бар эле. Бирок Скандинавия өлкөлөрүндөгү Омбудсмен институту 2002-жылы бизге кирип, 2010жылы «Акыйкатчы» деп такталган. Учурда бул институт үч бутактан турган мамлекеттик бийлик тарабынан адам укуктары канчалык деңгээлде сакталып жаткандыгын тескеп турган бирден бир мамлекеттик уюм. Жалпы журтубуз үчүн абадай эле керек.

- Акыйкатчы институтунун бул убакка чейинки ишине кандай баа бересиз?

- Мурда бул кызматты жетектеп кетишкендер эмгек жамааттары менен бирге бир топ эле иштерди аркалашты. Ошону менен бирге, Акыйкатчы институтунда иштин сапаты солгундап кеткендигин жумурай журт, анын ичинен Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши кеңири айтып чыкпадыбы.
Жыйынтыктаганда, алдыда ЖК эс алуудан кайтканда Акыйкатчыга шайлоо акыйкат өтөт деп үмүт кылып туралы.

Дайырбек Мейманов.

Булак: «Алиби»(М.Э)

 

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

*

Можно использовать следующие HTML-теги и атрибуты: <a href="" title=""> <abbr title=""> <acronym title=""> <b> <blockquote cite=""> <cite> <code> <del datetime=""> <em> <i> <q cite=""> <strike> <strong>