Home » Мнение » Акыйкаттуу келечекке бирге кадам шилтейли

Акыйкаттуу келечекке бирге кадам шилтейли


Фото: Омурбек Рыскелдиев

Омурбек Рыскелдиев

Саналуу убакыттан кийин Кыргызстаныбыз, көз тийбесин, жаңы Акыйкатчысына ээ болгону турат. Бул өзу ким  жана эмнеси менен башка укук коргоочулардан айырмаланат?

Деги бул кызмат ордуна качан иш билги адам келип, элибиздин шорун бир аз да болсо арылтат?- деген ойлор ар кимди ойлондурбай койбойт.

Уюткулуу  түптүү элибизде Акыйкатчы кылым карыткандан эле озуйпа болгон. «Баарын коюп, Манасты айт», — демекчи, биздин тарыхта Бакай, Кошой деген калыс бабаларыбыз  төрдөн орун алган.  Жакынкы эле мезгилдеги Калыгул олуяны,  Тилекмат акелерди эле алсак, баары ордуна келчүдей.

 Саясат демекчи, башы каргашалуу Аксы окуясынан “жеңил” чыгуу ирээтинде, ошол кездеги бийлик элге жооп кылымыш болуп,  мамлекеттеги бийлик бутагынын бирөөнө да таандык эмес, Омбудсмен институтун киргизишкен.  Ал “чала жан” экенин мезгил тастыктады. Бирок, ошол кездеги демократтар Ж.Жекшеев, Т. Исмаилова ж.б.  буга деле учурунда ыраазы болчу. Скандинавия элдеринин  тилдеринен которгондо Омбудсмен- өкүл – деп которулат. Бизче — Акыйкатчы.   Өзү мамлекеттен “жем” жей турган, бирок элдин таламын талаша турган бирден бир уюм. Көз карандысыз болушу керек.

Негизгиси, арыздашкандардын бир тарабы сөзсүз түрдө бийлик болуш керек. Мейли,  жергиликтүү өзүн өзү башкаруубу. Же  мыйзам чыгаруу, аткаруу, же сот бийлигиби болобу. Же коомдук уюмдарбы. Айтор, баардык кызмат адамдарыбы.  Канчалык денгээлде жогорудагы аты аталгандар адамдардын жана жарандардын Кыргыз Республикасынын   Конституциясында жана мыйзамдарында  каралган  саясий жана  жарандык, социалдык-экономикалык жана  маданий укуктарын сакталышын камсыз кылууда — деген өтө маңыздуу иштер.    Ушул жаатта, соттордон жана башка укук коргоо уюмдарынан түп тамырынан бери айырмаланып, өзгөчө макамда турат.

Бул кызматты удаа “абысын” болуп аркалашкан Турсунбай Бакир уулу менен Турсунбек Акун жакшы иштери менен бирге, коомчулукка терс пикир да  жаратпай коюшкан жок.

Мисалы, “Ата Мекен“ саясий партиясынын лидери О. Текебаевдин айтуусунда, Акыйкатчы институтунун эмгек жамаатынын  дээрлиги  кайра кайра “мен президент болмокчумун” деген Т. Бакир уулунун үгүтеечүлерүне  айланганы журтчулукка кеңири маалым. Ал эми, укук коргоочу Т. Исмаилованын айтуусунда: «Т. Бакир уулу үй-бүлелүк жеке  турмушу менен коомчулукка тескери жактан таанымал», — дейт.

Ал эми Турсунбек Акундун “кылыктарын” езүн кызматка койгон Жогорку Кенештин Комиссиясынын Корутундусу коомчулукка ачыктабадыбы.

Учурда тажрыйбалуу Т. Боронбаева эже жетектеген (башка орунбасар М. Кожошев да  талапкер) Акыйкатчынын 100 жакын кызматчысы бар эмгек жамаааты: бизге ким жетекчи болуп келээр экен, — деп чыдамсыздык менен күтүп, ез  иштерин алып барышууда.

Бул жактан алып караганда, бийлик өзүлөрүнүн жакында эле эмгек эргүүдө болушун эске алып, Акыйкатчыны  жаңы мөөнөткө шайлоону токтоосуз өткөрүп жаткандагысы кеңүл жубатаарлык.  Туура, Акыйкатчыга арналган  мыйзамдын калпыс жактарын шайлоодон кийин деле жойгонго толук шарттар  бар эмеспи.

Акыйкатчынын иш тартиби тергөө жана сот иш тартибинен кескин айырмаланып турат. Көп маселелер тез чечилиши мүмкүн. Укугу бузулган жарандар мамлекеттик алым тыйын төлөшпөйт.  Бирок, Акыйкатчы  кадимки жактоочудан (адвокаттан) кескин айырмаланат.

Акыйкатчыга кандай адам иштей алат дегенде:

Мыйзамда: Кыргыз Республикасынын гана атуулу, мурда соттолбогон же соттолгондугу жоюлган, жаш курагы 30дан кем  жана 65тен жогору эмес, мамлекеттик жана расмий тилдерди билген-деген негиздер каралган.   Учурда коомчулук да кошумча бул кызматка талапкерге төмөндөгүдөй кошумча талаптарды коюушууда. Ага: өз чөйрөсүнө  таанымал жана  жүрүш турушу кынтыксыз абройлуу адам, укук жаатында билими же тажрыйбасы, жетекчилик же мамлекеттик кызматтагы тажрыйбасы кирет. Айрыкча,   Акыйкатчыга талапкер кандайдыр бир саясий, айрыкча азыр бийликте турган, партияда болбосо, — деген ойлорду байма бай  айтышуда.

Талапкерлердин мынчалык кеп санын (учурда 53 адам ат салышууда) Жогоку Кенештин  белдүү депутаттарынын бири Ж.Жолдошева: «калкыбыздын укуктары бийликтин дээрлик тебелендисинде калгандыгында,» — деп, тайманбастан түшүндүрүүдө.

Албетте, арасында  езүлөрүн Акыйкатчынын айлыгына, машина жана иш бөлмөсүне кызыккандар жана өзүн жен эле  ачык эле пиар кылгандар да жок эмес.

Кыскасы, азыркы  оорчундуу маселе: “аке-үкө” же  “тааныш-билиш” — эмес, бул кызматка талапкерди  туура тандоодо турат. Буга бийликтеги саясий партиялардын беш фракциясы тең баардык 53 талапкерди Жогоку Кенешке, анын профилдик  адам укуктары Комитети аркылуу сунушташы өбөлгө түзүп бере алат.

Акыйкатчы институтунда  кандай иштер жазалыш керек? Ал көп эле, негизгилери:

  1. Акыйкатчы институтун жоюуп, мамлекеттин тыйынын үнөмдөш  керек деген көз караш, демократияга бараткан Кыргызстаныбыз үчүн   суу кечпеген саясий ката болуп эсептелинет. Жогорку Кенештин адам укуктары профилдик Комитетинин жетекчиси, депутат Э.Алымбеков айткандай: «Акыйкатчыга кай-бир так  маселе боюнча кылмыш ишин ачканга да укук беруүнү карап чыксак,  шартка ылайыктуу».

Ошентип,  Акыйкатчыга арналган мыйзамды кайра иштеп чыгып, алдыңкы мамлекеттердин тажрыйбасына таянсак максаттуу. Башка мыйзамдарга да түзетүү жана өзгөртүүлөрдү киргизуу, жана жаңы мыйзамдарды иштеп чыгуу да учурдун талабы.

Өзүңүздөр эле карап көрүңүздөрчү: бизди кандай гана чечилбеген  маселелер курчап  алганын. Алардын жарымынан кебү бийликтин иштебей же туура эмес иштеп жатканына байланыштуу. Же андай эмеспи? Каякка таш ыргытпасаңыз, оңдоо талап кылынат.

      2. Акыйкатчынын өзүнүн аброюун оордуна коюу керек. Ар бир мыйзамды одоно бузган кызмат адамынын таманы от болуп күйүп турганга жетишиш керек. Илгери, азыркы абройлуу аксакалдарыбыз Ү. Асымбеков, К. Акназаров ж.б.  »келе жатат!», — дегенде, ошол кездеги “чыт курсак” ыйлаган биз, сооролуп калчубуз да. Башка кызмат адамдарын түзүлгөнүн  айтпаганда. Ошондуктан, калыстык жана ачыктык талап кылынат. Ооруну жашырсаң, арам өлөсүң, — дегендей. Иштин жүр-нарыга жана  баш аламандуулукка салбай, кыраатуу алып барылышы  керек. Коомдо мыйзамдуулукка баш ийген темир  тартип болушу бүгүнкү абалда абадай  эле керек болуп  турбайбы. Албетте, демократияга да жол бар дейличи. Бирок, анархия эмес,  ынсап биринчи кезекте  кызмат адамдарынын өзүндө болушу керек. Албетте, жакшы жагы деле бар Совет бийлиги убагында тамырыбызды бир топ эле “кыркып” койгондугун бүгүн көрүп жатпайбызбы.

    3. Акыйкатчынын институту ез ишин Кыргыз Республикасы учурунда  ратификацияланган бир топ эл аралык документтердин негизинде алып барылышы максаттуу Айталык, быйыл Адам укуктарынын Жалпы декларациясын кабыл алуусунун 65 жылдыгы күтүлүүде. Биз дагы буга ез салымыбызды кошуубуз керек.Андан сырткары, Жарандык жана саясий укуктары боюнча  Эл аралык пактысы, Экономикалык, социалдык жана маданий  укуктары боюнча  Эл аралык пактысы, Адамдын укуктары жана негизги эркиндири боюнча КМШнын Конвенциясы, Рассалык теңсиздиктин баардык түрлерүн жоюу боюнча Эл аралык Конвенциясы, жалпыга белгилүү Париж принциптерин жүзеге ашыруу  жана башка эл аралык денгээлдеги документердин талаптарын кыйшаюсуз аткаруу маселелери турат.

Кыргыз Республикасынын Конситуциясын эле алсак, анда 5 берене адам укуктарынын түпкү принциптерин,  28 берене адамдын  жарандык  жана саясий укуктарына, ал эми 10беренеси жарандык укуктары менен милдеттерине арналган. Буларды  кездүн карегиндей сактоого кемектешүү Акыйкатчыга жүктелген.

Бул жаатта Акыйкатчы езунун курамын/структурасын ушул иштерге шайкеш келтириши абзел.Кадрларды туура тандоо, естүрүү жана жайгаштырууну, азыркыча  менеджментти,  улуу жапон эли СССРден үйрендүк эле-деп  жатышпайбы.

Талапкерлердин арасында Акыйкатчыга татыктуу инсандар арбын эле. Ал эми езүме,эч бир жасалмасыз, келсем. С. Ибраимовду атып кеткендеги  53жаштамын, баралымда турамын. Эки жогорку билимим бар.УМЛди айтпаганда.  Убагында,  бизге кесем болуп калган А. Масалиев окуган, Москвадагы тоо-кен институтун бүтүргем. Улуу державанын борборунан билим жана  тарбия алуу, мени адамга улутуна карабай мамиле кылууга да үйреттү. Ленин комсомолунун катарында саясий жактан жетилдим. Айтылуу И. Разаковдун, Б. Мамбетовдун, К. Исаевдин ж.б.  кептерин уктум. Айтылуу Т. Кулатов Сталин менен тең ата суйлошкон демекчи. Тируу Л. Брежневди езүн кердүм. Союздук депутаттардан, ошол кезде эле  азыркы тешү баатырлардын белгисине толгон,  атактуу  чабаныбыз Т. Акматовдун да жеке байкосунда болгомун. Маданий жактан табитим калыптанды. Ленинград, Киев, Кавказдын,  Сибирь менен Ыраакы Чыгыштын   бир топ шаарларын   керүп, элинин жашоосу менен жакындан тааныша алдым. Буларды айтып жатканым себеби, бүгүн кыйырдагы мекендештерибиздин миграция жана  пенсия  маселелерин кантип аларга ылайыкташтырып  чечүүде, толук пайдаланмакчымын.

Эмгек чыйырымды  андагы Фрунзеде электрондук- эсептеечү заводдон баштадым. Алгачы устаттарым А.Безжон, М. Шаршекеев(учурда ШКУнун(ШОС) жана КР Соода-енер жай палатасынын мүдүрү),  А. Семяняк,  Ю. Ким жб.-  деп сыймыктануу менен атай  алам. Кажы Сайдагы электротехникалык заводто В. Ящин,  Э.Омуралиев (учурда Кыргызстандын Казакстандагы ыйгарымдуу жана атайын екулу) И. Дуйшембиев деген  жетекчилер менен иштештим. Булар мага менеджменттин сырларын  жана  кадрларга аяр мамиле жасоону  практика жүзүнде  үйретүштү.

КР материалдык техникалык камсыздоо Комитетинин Мамлекеттик контролунда 7-жыл иштеп,  кадимки Х.Дадабаев, А. Иордан, Л. Сагынбаев,А. Сагындыков,  Б. Абдылдаев, Н. Алыбеков, Л. Курочкина, Г. Максимчук  ж.б. жетекчилер менен жакындан иш алып бардым.  Булар мага бийликтин табыятын, ишти кантип уюшулган таризде алып барууга  жана тартиптен турмуштук сабак беришти.

Ендүрүштен ажыратылбастан, былтыр 80жылданган тунгуч КМУУдан укук боюнча кесип алып чыгып,акыркы 14 жылдан бери укук жаатында үзүрлүү эмгектенүүдемүн. Мугалимдерим С. Сатыбеков, Ч. Арабаев(КР УИАнын Окумуштуу катчысы), К. Курманов ж.б. агай –эжелерим укукту жон терим менен сезгенге езүлүрүнун жеке салымдарын кошушту. Алардын арасында азыркы Конституциялык палатанын  курамындагы дасыккан укукчулар  М. Касымалиев, К. Сооронкулова жана Д. Осконбаевдер да бар.

Ишке келсек, мактангандай болбоюн, 20% атайын каражаттар салыгын 2013жылдан баштап жоюлушуна КАФКиСте иштеп турганда салым кошконумду эл билет.

Т. Суванбердиев атындагы Кыргызполиграфкомбинатында аны сактап калуу боюнча укук жаатында кандай иш кылганымды, ошол кездеги Кыргыз Окметүнүн жетекчиси,азыркы “Ар Намыс” фракциясынын жана копчулук Коалициясынын лидери Ф. Куловдун тааныштыгы бар. Учурда Окмет жаңы басмакана түзүүге мажбур.

Мен баарын санап, тешүмдү какпай эле, унчукпастан, ырааты менен максатуу иштегенди ылайык керем. Тандее Сиздерден, кең келечекке бирге кадам таштайлы.

Акыйкатчыга талапкер О. Рыскелдиев,

 

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

*

Можно использовать следующие HTML-теги и атрибуты: <a href="" title=""> <abbr title=""> <acronym title=""> <b> <blockquote cite=""> <cite> <code> <del datetime=""> <em> <i> <q cite=""> <strike> <strong>