Home » Мнение » Нуржамал Байболова, экс-депутат: «Байболов көп саясатчылардан айырмаланып, бийликке сатылып, орденин тагынып, кучакташкан эмес»

Нуржамал Байболова, экс-депутат: «Байболов көп саясатчылардан айырмаланып, бийликке сатылып, орденин тагынып, кучакташкан эмес»


Байболовдор

Байболовдор

Нуржамал саясатта аты, жүзү, тайманбаган принциби бар, катачылыкты бетке айткан асыл сапаттарга ээ болгон, аялдардын эң алНуржамал тармакта баарлашып, саясаттан тыныгуу алганы, өмүрлүк жары Кубатбек Байболовдун эмне үчүн иштен четтетилгени, Атамбаев эмнесин кечирбегени тууралуу сүйлөштүк. Анда кеп башынан болсун.

- Нуржамал эже, эмнеге саясый тыныгуу алдыңар? Эмне үчүн артка чегингип шаардык кеңештин шайлоосуна катышкан жоксуз?

- Саясый тыныгууну мажбурлуу түрдө алдык. Биз да элибиз кыйналып, мамлекетибиздин абалы оор болуп турган кезде колдон келген жардамыбызды берип, билимибизди, тажрыйбабызды колдонуп элге кызмат кылсак болмок. Бирок, тилекке каршы кырдаал өзгөрүп, тыныгуу алууга туура келди. Кубат Калбекович “Азыр саясат жок. Жок саясаттын эмнеси менен алектенесиң” деп калат. Шаардык кеңешке шайлоодо бир нече партия тизмелеринде алдңкы орундан берели деп чакырды. Шайлоо системасы тазаланды дешкени менен Бакиевдин убагындагы эле ыкмалар иштеп жатпайбы.Ошондуктан ыраазычылыгымды билдирип, бирине да барган жокмун. Шайлоолор таза өтпөгөнү үчүн жергиликтүү кеңештеги шайлоолордо бийликтин партияларынын басмырлоосуна чыдабагандар бири-бирин бычак менен сайып, атып жатышпайбы. Бийлик бул сигналдан жыйынтык чыгарып, элдин протести экенин түшүнүшү керек. Бакиевдин доорундагыдай эле болуп, элдин бийликке болгон кыжырдануусу бышып, жетилип калды. Ошондуктан азыркы бийликтегилер саясый күрөштү башаламан кылбай, саясаттын эрежелери менен жүргүзүшү керек. Мурунку президенттин түбүнө да ошол сакталбаган эрежелер жеткен. Ошон үчүн чечкиндүү кадамдарды жасап, кагылып аткан коңгуроону угушса болмок.

- Саясаттан чарчап, эрежесиз эр оюнга катышкыңыз келбей турганын сезип, түшүнүп турганыбыз менен бир учурда саясаттын чордонунан кетпечүдөй сезилчүсүз…

- Кырдаал оңолуп, саясатты эрежеси сакталган мезгил келсе, албетте, аралашам. Болгону азырынча ошондой акыбалды көрбөй турам. Бийликтин партиясынан депутат болуп, бирок эч нерсе чечпестен ,»добуш беруучу машинка» болуунун зарылчылыгы жок деп ойлойм. Пайдам тийбеген нерсеге убактымды короткондон көрө, башка иш кылганым жакшы деп түшүнөм. Ошон үчүн болор болбос саясатка аралашып, чабылып, чарпылбай эле өзүмдүн ишканамда конкреттүү иш жүргүзуп, жаны жумуш орундарын ачып, салык толоп элиме жардамымды берууну туура кордум.

- Саясый куугунтук эмне экенин башыңардан өткөрүп, жон териңер менен сездиңер. Бүгүнкү күндө саясый куугунтук кандай формада жүрүп жатат?

- Саясый куугунтук ачык эле формада жүрүп жатат. Ага коптогон мисалдар бар.Маселен,»Ата Журттун» 3 депутатын мандаттарынан ажыратышты. Буларды бийликти басып алууга аракет кылган деп айыпташты. Эгер андай болсо, эмнеге бир эмес, кеминде 4 жолу Кыргызстанда бийликти басып алуу болгондо бир да адам жоопко тартылган жок. Булардыкы бийликти басып алууга аракет болсо, тигилердики факт го. Бирөөгө доомат коёрдон мурун мен ошондой катачылыкка жол берген жок белем деп ойлонушу керек. Дагы бир кызык жагдайга токтололу. Ташиев Акуйдун тосмосну аттаганда ага карлышык корсоткон куч органдары туура кылышты, себеби Акуй озгочо кайтарылуучу объект дешет. Макул дейли.Анда эмне учун 2010-жылы апрелде акүйдү коргогон “Альфанын” кызматкерлерин ушул күнгө чейин туура эмес кылгансыңар деп сот процесси менен сүйрөп келатышат. Азыр ак үй коргоого алынган объект болуп, 2010-жылы ак үй коргоого алынбаган объект беле?! Кыскасы, чалмакейди чалып алышып, андан кантип чыгаарын билбей бири-бирине каршы келген чечимдерди чыгарып, элдин башын айландырып жатышат. Алыс кетпей мындан 5-6 жыл мурунку тарыхыбызга кайрылсак деле көп иштерди жасабаса болмок. Кубатбек Калбековичти жок жерден жаманатты кылып жатышпайбы. Бирок, биз булардан дээрлик айрмаланып, бийликти элдин канын төгүп басууну туура көргөн эмеспиз. 2007-жылкы митингде»штурмга уруксат сурап жатышат, бербейлиби «дегенде Кубатбек Калбекович “эй, балдар, бийлик бир адамдын өмүрүнө да татыбайт, ушул жерден бир-экоонун каны тогулуп кетсе биз эмне болобуз, кантип жашайбыз ошондон кийин», деп макул болбой, элди таркатып жиберишкен. Болбосо, эл жаалданып, ал тургай милиция эл тарапка отуп баштаган болчу. Бирок, кийин белгилүү эле бир саясатчыдан “Бакиев кан төгүлмөйүн кетпейт. Бир-экөөнүн канын чыгарыш керек” дегенин угуп алып шок болгом.Аны менден башка да бир топ саясатчылар угушкан. Ал күткөндөй бир эмес, жуздогон адамдын каны төгүлдү го! Булар Кубатбек Калбековичтей эле ойлонгондо мындай калпыстык иштерге, ушунча адамдын өмүрүн алган каргашалуу окуяларга барбайт болчу. Азыркы бийликтегилерге Шералынын чокоюн маңдайына илмек тургай, койнуна салып койсоң да унутуп коё турган абалга жетип калышты. Элге берген убадаларын унутуп, бийлик дегенде эт-бетинен кетип, мамлекеттик башкарууну башаламан кылып коюшту. Ал аз келгенсип, жергиликтүү бийликтерге мамлекеттик башкаруу илим, билимден, теориядан тураарын түшүнбөгөн дилетанттар келип калды. Мына ушундай туура эмес нерселердин айынан мамлекетибизде түшүнүп болбогон жагдайлар орун ала баштады.

- Балким, ушундай өксүктүн баары парламенттик башкарууну туура кабылдай албай жатканыбыздандыр. Дегеле, парламенттик башкаруу Кыргызстанга эмне берди?

- Өнүккөн мамлекеттердин статистикасын карасаңар дээрлик көпчүлүгү парламенттик башкарууда жашагандар. Аны түшүнбөй кээ бирөөлөр “бизге президенттик башкаруу эле керек” деп айтып жатпайбы, мен ага каршымын. Алгач парламенттик башкарууга толук өтөлү анан ийгилигин көрөлү дегим келет. Айтайын дегеним, парламенттик башкаруу деген менен президенттик эле башкарууда жашап жатабыз. Президент ыйгарым укуктарын жогорулатып алганы аз келгенсип, парламентти өзүнүн партиясы аркылуу коалиция түзүп алып башкарып жатат. Демек, мындай көрүнүшкө партиялык система эмес, президент жана конституциядагы мүчүлүштүктөр күнөөлүү. Мына ошондой катачылыктардын айынан парламенттик система жакшы жыйынтыгын бере албай жатат. Ошондуктан, парламенттик башкарууну сындагандан мурун ошол системага толук кандуу өтүп, 2-3 шайлоону баштан өткөрүп, партияларды биригүү механизмдерин ойлоп табышыбыз керек. Болбосо, алакандай Кыргызстан үчүн 183 партия өтө эле көптүк кылат. Биз эмес, өнүккөн мамлекеттерде да партиялардын саны мынчалык көп эмес.

- Сиз партиялык системанын жакшы жагын айтып жатасыз. Бирок, бул системаны кээ бирөөлөр кыргыз менталитетине туура келбейт, бөлүнүп -жарылуубузга шарт түзүп жаткан мамлекетти талкоолоочу күч катары кабылдашып атат го?

- Эгерде биз партиялык система менен кетпечүү болсок, анда уруу-уруу болуп бөлүнгөн орто кылымдагыдай жашоого барып калабыз. Велосипедди ойлоп таап убараланбай эле өнүккөн мамлекетердин модели менен кетишибиз керек. Партияга кадырына же башка жагына карап кирбей, идеянын тегерегинде биригүүгө умтулушубуз абзел. Бир кадам таштап алып эле алдыга жылдык деп артка кылчактабай, дагы тобокелге салып, алдыга кадам ташташыбыз керек. Дүйнө жүзүндө партиялык система жакшы жагын гана көрсөтүп жатат го. Биздин мамлекетте деле жаман деп аткан партиялык системада деле аздыр-көптүр ачыктык болгону байкалып калды . Мурун бир киши чечип, жаап-жашырып койсо, азыр андай жашыруун аракеттин баарын бети бир күндө эле ачылып калып жатат го.

- Нарман Түлеевди коррупционер деп камаган менен ошондой эле коррупцонерлер башкаручу коалицияда деле жүрөт го. Бул жерде өзгөгө, жатка башкача мамиле болуп жаткан жокпу?

- Франконун «душмандарыма — мыйзам, өзүбүзгө -баары «(врагам-закон, своим-все) дегениндей эле болуп жатат. Нариман Түлеевге жазалай турган болсо, бизде так ошондой жаза ала турган мэрлер толтура болгон. Эмне үчүн алар жоопко тартылбайт. Азыр “Ата Түрк” паркынан туура эмес жер бөлгөнү боюнча чыр чыгып жатат. Аны бергендер адамдар бийликте эле таасирлүү кызматтарда жүрөт го. Эмне үчүн аларды жоопко тартпайт? Эгер баары ачык-айкын болсун десе, жоопко тартууну тандалма эмес, баарына бирдей жүргүзүшү керек. Макул, азыр бийликтин жардамы менен алардын абийирлери жабылсын. Бирок, булар бийликтен кеткенден кийин былык иштери баары бир чыгат. Анан аны киийнки бийлик жазалайт. Качанга чейин ушундай нерсе менен алышып жашайбыз. Эмнеге андан чыгуунун жолун ойлобойбуз. Коомду жаңы нерсе менен ойготуп, аң-сезимин козгобойбуз. Кыргыз эли баарына да, жогуна да кайыл болуп, качанга чейин үргүлөп отура беребиз. Туңгуюкка кептелип жатканыбызды түшүнүп, мамлекет башчылары адилет, акыйкат иш алып барбайт. Менин баамымда кыргыздай болуп бир заматта оттой болуп дүрт деп көтөрүлүп, кайра бир заматта тым болуп басылып калган элдер жок болуш керек. Кыргыздын кечиримдүү сапаты менен көп нерсени кечирип жашап келе жатканыбыз үчүн дүйнө коомчулугу таңдангыдай абалдарды баштан кечирдик. Эми ошол кечиримди эл алдында күнөө кылган мамлекет башчылары да сурап, башын сунуп келип арай көзү чарай деп бири-биринин дооматтарын угуп, 20-30-жылдан бери саясатта аралашып жүргөн адамдар да элдин алыдынан өтүп, кетирген катачылыгы үчүн кечирим сурап, жакшы жашоого багыт алып, жашоону жаңы барактан баштасакпы деген ой келет. Антпесек, Акаевчи, Бакиевчи, Отунбаевачы, Атамбаевчи деп жик-жикке бөлүнүп кетмей болдук. Барынан кызыгы, Акаев жаман деп жээригендерин коюшпайт да, анан ал кишинин кадрларын улам бир чон кызматка алганы алган. Акаев жалгыз жасаптырбы?! Дал ушул кадрлар жасаган да коп иштерди. Акаев жаман да анын кадрлары жакшыбы деген суроо жаралат. Кийнкилер жонундо деле ушундай. Ошондуктан баарын артка таштап, мен айткан кечирим, орусча айтканда «покаяние» процедурасын башташыбыз керек.

- Бүгүнкү күндө оппозицияны кандай көргүңүз келет?

- Конструктивдүү, дараметтуу, интеллектуалдуу оппозицияны көргүм келет. Оппозициянын катарында дагы мамлекетти башкарууга кудурети жеткен илимдүү, билимдүү адамдар болсо жакшы болмок. Тилекке каршы, кандай бийлик болсо, так ошондой оппозиция болуп жатат. Ага болбой эле өздөрүн кыйын сезип, оппозицияны жамандашууда. Кечээ жакында «оппозиция начар болуп жатат.эми жакшы оппозицияны озубуз даярдайбыз» деп жатат. Бул озу нонсенс!!! Акылга сыйбай турган иш! Ручной оппозиция тузобуз, жасалма оппозиция тузобуз деген кеп да мунун озу.Чынында бийлик да, оппозиция да коомдун жүзү. Коом кандай болсо ошондой бийлик, ошондой оппозиция болот. Биз мындан эч жакка качып кете албайбыз. Булардын баарын кетирип ордуна жаштар келиши керек дегендер да бар. Бирок, тажрыйба менен жаш курак экөө айкалышып чогуу жүрбөсө жаштардын колуна мамлекетти карматып койсок, алар там-туң баскычакты Кыргызстан жок болуп кетет. Ошондуктан элдер шайлоо бийликке келчү адамардын тагдырын чечээрин билип, мындан кийин 200 -1000 сом үчүн кайсы бир партияга добушун сатпай, туура тандап, шайлоого катышышы керек. Болбосо, бийликке алып келген да, бийликтен кетирген да, азабын тарткан да эл болууда. Ошондуктан эл ойгонуп, менин тагдырым шайлоого көз каранды экен деп түшүнүшү керек. Болбосо, так ушундай турмуш менен алпурушуп, сазда жата беребиз.

- Кубатбек мырзанын Жалал-Абад шаарына комендант болуу чечимин кабыл алганда кандай кабыл алдыңыз?

- Мен Америкада болчумун. Ал жакта жүрөгүң оозуңа кептелчү шумдуктарды көрсөтүп жатканда, интернеттен Кубатбек Калбековичтин Жалал-Абадга комендант болуп кетип жатканын окуп алып ыйлап, барба деп скайп менен сүйлөштүм. 90-жылкы коогаланда экөөбүз тең ошол жакта кызмат отогонбуз. Ошол себептен мен ал жакка барышына чыны менен каршы болдум. Ал “эч ким баргысы келбей жатканын, Отунбаева суранганынан макул болгонун, элдин башына иш тушуп жатканда, сен барбасаң, мен барбасам, ким барат деп жыйырма жыл дал ушундай маселелердин устуногн иштегенин, ушундай кырдаалда билимимди, тажрыйбамды колдонбосом эмнеге керегим бар” деген сөзү мени уяткарды. Эгерде Байболов оперативдүү чараларды көрбөсө, Жалал-Абадда оштон да көп курмандык болмок деп жалалабаддыктардын айтканын укканым бар. Ал эмгегин жокко чыгарып, керек болсо комиссиянын корутундуларына убагында барбай койгон деп акылга сыйбаган нерсени кыстартышты. Бийлик канчалык жаманатты кылгысы келгени менен эл Кубатбек Калбековичтин эмгегин баалайт экен. 2011-жылы балдарыбыз Америкадан келгенде Арсланбапты көрсөтөлү деп барып калсак, карапайым адамдар Кубатбек Калбековичти таанып, ыраазычылыгын айтышып учурашып жатышты. Балдарым “ата, сизди ушунчалык эл сыйлайт турбайбы” деп кубанышты.

- Башкы прокурор болуп иштеген кезинде улутташтырууга алган объектилерди дагы аресттен чыгарып койду деген дооматтар бар го. Алар канчалык деңгээлде жөндүү?

- Бул да суу кечпеген жалаа. Айтайын дегеним, керек болсо телефон чалып, аресттен чыгарып койгон деп да жүргөндөр бар. Башкы прокурор эле эмес, президенттин да обекттерди аресттен чыгарып коё турган укугу жок. Өз укугун, кызмат абалын жакшы түшүнгөн Кубатбек Калбекович эч качан телефон менен команда берип, объекттерди аресттен чыгарган да эмес, чыгарбайт да болчу.

- Өмүрлүк жарыңыз тууралуу коомчулукта саясатчылардын арасында сындар көп айтылып калат. Ал сындарга терикпейсиздерби?

- Орундуу сын болсо терикпейбиз. Бирок, көп учурда Байболов качып кеткен дешкенде ачуум келет. Чынында Байболов бул жердеги көп саясатчылардан айырмаланып, бийликке сатылып, ордендерин тагынып, кучакташып, “Ата Мекендин” мандатын түн ичинде өзүнүн партиясына соодалап алып, оппозиция болумуш болуп отургандарга караганда түбөлүк өйдө. Анткени, Бакиевдин бийлигине аларчылап тизелеген да жокпуз, кызматташкан да жокпуз. Биз жөн гана чыгып кеттик. Менин оюмча бийлик алдына тизелебей олкодон чыгып кеткендин өзү жигитчилик..

- Кубатбек Калбекович эмне үчүн кайсыл бийлик болбосун тил табышып, иштешип кете албайт?

- Кубатбек Калбековичтин проблемасынын баары эч кимге баш ийбей, принцибинен тайбаганында. Керек болсо президентке да жок деп кесе сүйлөп коёт. Көптөр “ийкемдүү болбойсуңарбы” дешет. Бирок, биздин табиятыбызда андай кошоматчылык жок. Туура сүйлөп, позициябыздан тайбаганыбыз үчүн көп кишиге жакпайбыз. Бийликтин душманына заматта айланып калабыз. Принцибизден тайбаган үчүн Бакиев сунуш кылган кызматтын бирине да барган эмеспиз. Мага Бишкек шаарынын мэрлигин сунуш кылышса, Кубатбек Калбековичке УКМКны, ИИМди, Башкы прокуратураны сунуш кылган. Көз карашыбыз туура келбейт деп баш тартып койгонбуз. Бизге кызмат эмес, принцип биринчи орунда турат. Аны билбегендер ыгы жок дооматтарды коё беришет. Кыскасы, айрымдардай болуп Бакиевдер менен коюн-колтук алышып иштешип кете турган деле мумкунчулук болгон. Бирок, биз анткен жокпуз. Бакиевди жетекчи эмес адам катары карасаң адамгерчилиги жогору экен. 2007-жылы оппозицияда болуп катуу кармашып жатабыз. Кубат Калбекович парламенттен, мен Шаардык кенештин трибунасынан. Анан ооруп калдым. Германияга операцияга шашылыш жөнөп атканбыз. Эртең учабыз деп атсак, кечинде Бакиев Кубатбек Калбековичти чакырыптыр. Кечке даярданып, муну айтам, тигини айтам, согушам деп аябай даярданып жаткан. Кечинде 10дордо келди. Өңүндө таңгалгандай. Эмне деп согуштуңар десем, “согушкан жокпуз” дейт. Эмнени сүйлөштүңөр десем, “киргенден кийин аны, мунуну сүйлөшүп отуруп, Нуржамал ооруп калган турбайбы” деди. “Ооба, эртең Германияга кетип жатабыз” десем, “ошону угуп чыкырттым. Германияга кетип жатсаңар кандай жардам керек? Элчиликке айтайынбы тосуп алышсын” дептир. Кубатбек Калбекович “эч кандай жардамыңыздын кереги жок” деп жооп бериптир. Эми сөздү качан баштайт деп отурса, бир убакта “макул анда Нуржамалга жардам керекпи ошону сурайын дегем «, дептир. Бизди Бакиевге симпатиясы бар деп эч ким күнөөлөй албаса керек. Анткени, Бакиевдин бийлигинен жакшы эле запкы тартып, нечен соттошуп, акыры баласы биздин оокатыбызды тартып алган. Мен жон гана объектвдүү карап, ал кишинин адамдык касиетин айтып жатам. Андан көп өтпөй Германиядан келдим. Көкжарда мектептин ачылышы болгону аткан. Ал жерге да Бакиев келмек экен. Тыналиева деген чиновник мени оппозиция деп жаман көрүп, администрация башчысы Мыктыбек Юсупович, мэр Ногоев менен ага карындаш катары сүйлөшүп турсак, “президент келет. Анын жанында эч ким болбошу керек” деп мени кетиргиси келип жатты. Аңгыча эле Курманбек Салиевич келди. Тигилер менен коомай учурашып коюп, менин колумду кармап алып коё бербей качан келдиң, канча саат операция болдуң, наркоздон кандай ойгондуң деп акыбал жайымды абдан сурады. Элдин баары бизди карап калды. Курманбек Салиевич басалы дедим. Мектепке кирип, спорт залды, компьютердик класстарды көрүп жүрсөк, жанындагы партага отургузуп алып, анан операцияң кандай болду деп майда-чүйдөсүнө чейин сураса, чыны менен адамгерчилигине баа бердим. Мен муну менен Курманбек Салиевичти мактап эмес, адамдык касиетин кичинекей штрих болсо да айткым келип жатат. Болбосо,ал киши » мага экөө тең каршы чыгып жүрөт. Оорубаса өлүп калбайбы», деши мумкун эле да. Мен муну башкаларга да сабак болсун деп Бакиевдин кекчил эмес айрым адамгерчилик сапаттарын айтып жатам. Азыркы президент Кубатбек Калбековичтин качан айткан сынын кечире албай, бизди душман көрүп жүрөт. Кечээ бирөө айтат бийлик озунун 50 душманынын тизмесин тизип коюптур. Анын башында Байболов жүрөт деп. Угуп алып аябай күлдүм.

- Атамбаевге кандай сын айтып, капа кылып алды эле?

- Оппозиция дүкүлдөп жатканда Атамбаев премьер-министр болуп кеткени баарыңарга эле маалым. Апрелде митингди кучтоп , газ менен атып , ит менен кууп тараткандан кийин, аянтка келип алып, баарыбызды шатыратып согуп, алдын козел, артын баран дегенин унута элек болушунар керек. Ошондон кийин бир жолу Парламентке келгенде Кубатбек Калбекович “иним чыккынчылык кылдың, далыбызга бычак сайдың” деген. Ошол сөздү ушул күнгө чейин кечире албай жүрөт. Бул Байболовдун эмес, Атамбаевдин трагедиясы. Мындай сапат эл башына жарашпайт. Эл башы, журт башы кең пейил, кечиримдүү болушу керек. Болбосо түбүнө ошол кекчилдиги жетет.

- Кубатбек Калбековичти президент катары көргүңүз келеби?

- Баягы күнү “Ата Бейитке” барсак,бир эже биздин шайлоочу экен көрүп алып, ыйлаганга чейин барды . Чынында Кубатбек Калбекович жакшы эле президент болмок.

- Акыркы кезде сизди таңгалдырган кырдаалдар? Жүрөгүңүзгө катуу тийген окуялар кайсылар болду?

- 2-3 күндөн бери “Кумтөрдөн” 3 млн. сурады деген окуяга шок болуп жүрөм. Калпы чынын билбейм бирок, 20 «спортсмен» барып, эки баланы кармап беришкенин угуп, баягы эле бакиевдин системасы ишке ашып жатканына капа болуп,кылмышкерди кармаш үчүн кылмышкерди колдонушканын чыны менен туура көргөн жокмун. Кармап берген немелер жөн коймок беле. Алар да бийликке өзүнүн талабын коёт. Аткарбаса кармап бергенибизди жар салабыз дейт. Кыскасы, Бакиевди сындап жүрүп, ал түшкөн торго булар да түшүп, криминалдашып, криминал менен иш бүтүрүп жатышканы өтө жиийркеничтүү. Болбосо, Батукевади Шамиль Атаханов менен Турсунбек Акун эч кимге макулдашпай чыгарып ийиптир дегенге ким ишенет?

- Жаңы бийликтин жакшысынан жаманы көп экенин билебиз. Бирок, бийлик алмашканы аз-маз болсо да жеңилдиктер байкалдыбы?

- Азыр ээн баштар менен ээн ооздордун заманы келди.Ошолорго женил болуп калды.

- Саясий коз карашыныз кандай?

Көз карашым боюнча либералмын. Менин оюмча мамлекет жана мамлекеттик органдар эч кандай бизнес менен алек болбошу керек. Шаардын жашылдандыруу, коммуналдык кызматтарын мамлекеттик ишканалар эмес, ишкерлер тейлесе баары сапаттуу болмок. Акча да үнөмдүү пайдаланылмак. Айтайын дегеним, мамлекет ишкерлерге муниципалдык заказ гана берип, аны иштетүү үчүн тендер жарыялап, сапатын карап, мыкты деген фирманы тандап берсе, шаарыбыздын көркү мындан да соунун болмок. Ал иштин баарын мэрия аткарып жаткандыктан, коомдук болуп, анчалык көңүл бурулбай, эпчилдер эки жеп жатат. Мен барып жүргөн чоң шаарлардын көбүндө муниципалдык маселелр менен жеке ишкерлер алек болушат. Дагы бир чоң маселе бюджеттен транспортко эсепсиз акчалар бөлүнөт. Ал эффективдүү пайдаланылып жатабы же жокпу аны бир да киши изилдеп, башын катырган жери жок. Ошондуктан бюджеттен которулган акчалар чар жайыт колдонулуп, жыл аягында тралейбус башкармалыгы келип, мектеп окуучуларын, пенсионерлерди ташып койдум. Баланча акча бергиле дешет. Андан кийин авто база келет. Чынында ошончо каражат коротуп ташыдыбы же жокпу аны иликтеген механизм жок. Коом дагы кайдыгер болуп калгандыктанбы Акаевдин убагындагыдай коомдук текшерүү, бюджеттик угууну уюштуруу жокко эсе болуп калды. Эл да үргүлөп, мамлекетте өзгөрүү болоорунан түңүлүп калды көрүнөт.

- Силерди сатпаган санаалаштарыңар калдыбы?

- Албетте, калды. Баарын бир беткей жамандай берген болбойт. Алар бир тобу азыр бийликте отурушат. Бирок, бизге болгон көз карашын, мамилесин эч качан өзгөртүшпөйт. Биз оппозиция болгондо дагы аларга зыяныбыз тийбесе экен, биз үчүн жапа чаекпесе экен деп алардан четтейбиз. Бийликтеги таза адамдар биз үчүн жапа чекпесин деп аларды аяйбыз. Анткени, бийликтегилер оппозицияга жан тарткан адамды кандай кылаарын жакшы билебиз. Ошондуктан биз кызматта турган досторубузга, санаалаштарыбызга аяр мамиле кылабыз.

Чынайым Кутманалиева

Булак: «Арена.kg»(М.Э)

 

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

*

Можно использовать следующие HTML-теги и атрибуты: <a href="" title=""> <abbr title=""> <acronym title=""> <b> <blockquote cite=""> <cite> <code> <del datetime=""> <em> <i> <q cite=""> <strike> <strong>