Home » Мнение » Өмүрбек РЫСКЕЛДИЕВ, КРнын акыйкатчылыгына талапкер: “Асия Сасыкбаеваны атаандашым дээр элем”

Өмүрбек РЫСКЕЛДИЕВ, КРнын акыйкатчылыгына талапкер: “Асия Сасыкбаеваны атаандашым дээр элем”


Өмүрбек РЫСКЕЛДИЕВ,

КРнын акыйкатчылыгына талапкер

Фото: Омурбек Рыскелдиев

Омурбек Рыскелдиев

 - Өмүрбек Дюшенбаевич, алгач өзүңүздү окурмандарга тааныштырып кетсеңиз? Кайсы жерде төрөлүп, өскөнсүз, буга чейин кандай кызматтарды аркалагансыз?

- Жакшы болот, алгач жумурай журтка кызмат кылган  сиздердин мүмкүнчүлүктөрүңүздөн  пайдаланганыма ыразычылык. 54 жаштагы  баралымдамын. Керемет Ысык –Көлүбүздөн  болом. Москвадагы тоо-кен институтун жана Ж. Баласагын атындагы Улуттук университеттин бүтүрүүчүсүмүн. Жалпы эмгек стажым 31 жыл, анын ичинен мамлекеттик кызматтагысы 10 жыл, акыркы 14 жылда укук жаатында эмгектенүүдемүн.

-  Сиздин оюуңкзча татыктуу акыйкатчы кандай болуш керек?

- Адам укугун жакындан билген, калкка кадыр барктуу, мекенчил, жүрүш-турушу кынтыксыз, бийликтин табиятын түшүнгөн, айтор коомдо активдүү жана  мыйзамдын талаптарына жооп берген инсан болуусу шарт.

- Өзүңүз эмне себептен Акыйкатчылыкка талапкерлигиңизди коюуп жатасыз?

- Бир чети жетишээрлик билим тажрыйбамды уюткулуу элиме  тартуулап, алардын көйгөйүн кеңири масштабда чечкенге көмөктөшөйүн деген ниетим бар. Себеби үйүм бар, бак отургуздум, балдарды чоңойттум дегендей. Дагы бир себеби: учурунда бул кызматка баруудагы өз арызымды  Т. Акундун суранычы менен алып койюп, анын начар иштешине да “ салым “ коштум.

- Эгер сиз Акыйкатчы болуп шайланып калсаңыз эң биринчи ишти эмнеден баштайсыз?

- Акыйкатчынын түшүп калган абройюн калыптап, ага арналган мыйзамды эл аралык тартипке келтирип, жыйналып калган калктын арыздарын тез жана так кароону ирээттеп, кызматчыларга ишти алып барууга туура багып берүүден баштамакчымын.

- Коомчулукта “Акыйкатчы институттунда коррупция күч алды” деп айтышууда. Сиз келсеңиз бул коррупциялык иштерге кантип бөгөт кое аласыз?

- Чындыгында, кызматчыларды иштен мыйзамсыз бошотконду, каалагандай ишеним каттарды жана кызмат күбөлүктөрүн  бергенди токтотуу керек. Каржы жагын оңдоо керек.

- Азыркы Акыйкатчылыкка аттанып жаткан талапкерлердин ичинен кимисин атаандашым деп айта аласыз?

-  Албетте, жашы деле келип калган, мамлекеттик тилде “мүдүрүлүп” сүйлөгөн,  парламенттеги саясий бир партиянын мүчөсү Асия Сасыкбаеваны атаандашым- дээр элем. Чукул кырдаалда алыскы тоолуу аймактарга аял кишинин түн оокумда барышын элестетип көрүңүз.

Жазгүл ЖОЛДОШБЕКОВА

Булак:

№24-»Айат»  гезити, 19-сентябрьб 2013-жю «Ат жалында маек» рубиркасы

 

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

*

Можно использовать следующие HTML-теги и атрибуты: <a href="" title=""> <abbr title=""> <acronym title=""> <b> <blockquote cite=""> <cite> <code> <del datetime=""> <em> <i> <q cite=""> <strike> <strong>